
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-августта Ысык-Көл облусундагы Барскоон – Бедел унаа жолун өз каражаттарыбыздын эсебинен куруу долбоорун баштап берди.
Иш-чаранын алдында стратегиялык автомобиль жолунун долбоордук өзгөчөлүктөрү тууралуу видеоролик көрсөтүлдү. Мамлекет башчысына унаа жол түндүктөн түштүккө карай Барскоон, Сөөк ашуулары, Кара-Сай өрөөнү жана Ашуу-Суу ашуусу аркылуу өтө турганы маалымдалды.
Сөөк ашуусу аркылуу жыл бою өтүүнү камсыз кылуу үчүн узундугу 5,5 чакырым болгон туннель куруу пландаштырылууда. Кара-Сай аймагында эстакадалык көпүрө конструкциясы курулат. Ал эми кар көп жааган Ашуу-Суу ашуусунан өтүү үчүн узундугу 3,8 чакырым болгон дагы бир туннель курулат.
Ири долбоорду ишке ашыруунун башталышына арналган салтанаттуу аземде Садыр Жапаров бул күн Кыргызстандын жаңы тарыхына маанилүү окуя катары кирерин баса белгиледи.