Бишкекте iPhone телефондорун ачып, сыйымдуулугун көбөйтүп сатып жүргөндөр кармалды

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында «Айчүрөк» соода борборунун имаратында иш жүргүзгөн соода түйүндөрүнүн кызматкерлери телефон оңдоочу адистердин жардамы менен сыйымдуулугу 256ГБ болгон жаңы телефондорду ачып, тиешелүү микросхемаларын которуп, мобилдик аппараттардын сыйымдуулугун жасалма ыкмалар аркылуу 1ТБга көбөйтүшкөнү аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Андан соң телефондор кутучаларга салынып, жаңы жана ачыла электей көрүнүшкө ээ болуу үчүн, жергиликтүү шаардык басмаканаларда жасалган фабрикалык чыптамалар менен оролгон.

Жасалган айфондор соода борборлордо жайгашкан башка дүкөндөрдө жогорулатылган баада сатыла баштаган.