Тажикстан Республикасынын делегациясы Бишкектеги Royal Central Park менен таанышты

25-августта Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Холикзода Хоким Хикматуллонун Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Бишкектеги ири инвестициялык курулуш долбоорлорунун бири — Royal Central Park комплексине барды.

Делегацияга мурдагы ат майдан жайгашкан аймактын өнүгүү концепциясы тааныштырылды. Ага турак жай кварталдары, коомдук мейкиндиктер, социалдык инфраструктура жана жашыл зоналар кирет. Royal Central Park долбоору заманбап «all-in-one» модели боюнча ишке ашууда. Ал жашоочулар үчүн ыңгайлуулукту, туруктуу технологияларды жана шаар чөйрөсүнүн өнүгүүсүнө олуттуу салымды айкалыштырат.

Royal Central Park борбор калаанын жүрөгүндө жайгашкан 53,5 гектар жерди камтыйт. Долбоорду RCA Living компаниясы каржылап, дүйнөлүк деңгээлдеги урбанистика жана архитектура боюнча лидер саналган жапон фирмасы Nikken Sekkei долбоорлоду. Комплекс «шаар ичиндеги шаар» концепциясы менен курулуп, турак жай, кеңсе, билим берүү жана көңүл ачуу жайларын бириктирген өз алдынча экосистема түзөт.

Долбоордун алкагында 24 миңден ашуун батир курулуп, алардын терезелеринен 11 гектарлык борбордук парк жана шаардагы эң чоң жасалма көл көрүнүп турат. Жашоочулар үчүн 78 590 чарчы метр аянттагы соода борбору, эл аралык деңгээлдеги мектеп жана заманбап клиникалардын тармагы каралган.

Royal Central Park – бул Кыргызстандагы урбанистиканын жаңы баскычы. Долбоор Бишкектин келбетин өзгөртүп, аны Борбор Азиядагы алдыңкы бизнес жана маданий борборлордун бири катары чыңдоого багытталган. Алгач ирет өлкөдө «шаардагы шаар» принциби ишке ашып, шаар турмушунун деңгээлин көтөрүүгө жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө олуттуу салым кошот.

Тажикстан Республикасынын делегациясы долбоордун масштабына жана заманбап ыкмасына жогору баа берип, анын регион шаарларынын туруктуу өнүгүүсүндөгү маанисин белгиледи. Ошондой эле бул тажрыйбаны Тажикстанда да колдонууга кызыгуу бар экенин билдирди.