
Жумаев Максат Медербекович Т. Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Жумаев Максат Медербекович — 1985-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында туулган. Билими жогорку, Нарын мамлекеттик университетин “Автоматташтырылган маалыматтарды иштеп чыгуу жана башкаруу системалары” адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
– 2016-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин “Asman cinema production” киностудиясында режиссёр, продюсер, сценарист;
– 2010–2016-жж. “KG Club production” студиясында режиссёр, оператор-коюучу, сценарист;
– 2008–2010-жж. “Открытая Азия” программасында (Internews Network) оператор, монтажёр;
– 2007–2008-жж. ТРК НТСте жаңылыктар бөлүмүндө оператор, монтажёр;
– 2005–2007-жж. ТРК “Шанкай”, (Нарын шаарында) техникалык директор;
– 2002–2005-жж. ТРК “Шанкай”, (Нарын шаарында) оператор, монтажёр.
Фильмографиясы:
– “Туман” (2012) — режиссёр, сценарист;
– “Гонщик таксист” (2013) — режиссёр;
– “Временный парень” (2014) — режиссёр;
– “Эне жүрөгү” (2016) — режиссёр;
– “Бажарики” (2017) — продюсер;
– “Бажарики 2” (2018) — продюсер;
– “Баары бир тууган” сериал (2019) — режиссёр, сценарист;
– “Доске” (2021) — режиссёр, сценарист;
– “Разбой” (2023) — режиссёр, сценарист;
– “Жаным” (2023) — режиссёр, сценарист;
– “Разбой — новая глава” (2023) — режиссёр, сценарист;
– “Террорист” (2024) — режиссёр, сценарист;
– “Участковый инспектор Марат” (2024) — режиссёр, сценарист.