
Бүгүн 20 жашка чейинки балбандар арасындагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Жантөрө Мирзалиев Кыргызстанга кайтып келди.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал чемпионатка 67 кг салмактык категорияда катышкан.
Дүйнө чемпионун “Манас” эл аралык аэропортунан Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов, Күрөш федерациясынын өкүлдөрү, спортчунун жакындары жана күйөрмандары тосуп алды.
Дүйнө чемпонаты 17-августтан 24-августка чейин Болгариянын Самоков шаарында өттү. Ал сегиз күнгө созулуп, алгач эркин күрөш, андан соң кыз-келиндер арасында күрөш, ал эми 24-августта грек-рим күрөшү менен жыйынтыкталган.