Кыргызстанда помидордун рекорддук түшүмү жыйналды

Чүй облусунун Жайыл району помидор түшүмдүүлүгү боюнча дүйнөлүк рекордду жаңыртканын Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул жерде 270 гектар аянтка «Хайнц» жана «Есесем» сортундагы помидорлору эгилип, түшүмдүүлүк гектарынан 120 тоннаны түздү. Дүйнөдө эң жогорку түшүм салт боюнча Түндүк Америкада жыйналат — гектарына 90 тоннага чейин.

Түшүмдүн негизги бөлүгү кайра иштетүүгө — соустарды, кетчуптарды жана башка азыктарды өндүрүүгө жөнөтүлөт. Калган бөлүгү экспортко багытталган. Помидор өстүрүүдө заманбап агротехнологиялар, анын ичинде автоматташтырылган тамчылатып сугаруу системасы колдонулган.

Кошумчалай кетсек, түшүм жыйноо процесси да автоматташтырылган — бул үчүн Италиядан атайын помидор жыйноочу комбайн алынып келинген.