Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду «Алтын кыран» ордени менен сыйлады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекет башчысы Садыр Жапаровду Казакстан Республикасынын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы — «Алтын кыран» ордени менен сыйлады.

Коңшу өлкөнүн лидери Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын өнүгүүсү үчүн ак ниеттүүлүк менен иштеп, эки тараптуу мамилелерди чыңдоого эбегейсиз салым кошуп келе жатканын жана бул тууралуу бүт казак эли биле турганын, ошого байланыштуу аны жогорку мамлекеттик сыйлык менен сыйлоо чечимине келгенин белгиледи.

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге жана бир тууган казак элине Казакстандын жогорку мамлекеттик сыйлыгын тапшырганы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Бул мен үчүн чоң сыймык. Биринчиден, мен бул орденди Кыргызстанга жана кыргыз элине көрсөтүлгөн өзгөчө урматтын, терең ишенимдин жана чыныгы бир туугандык мамилелердин даңктуу символу катары кабыл алам», — деди ал.