
Бишкектеги жашыруун сойкукананын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 15-августта УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Бишкек шаарындагы “Восток” конок үйүндө мыйзамсыз иш-аракеттердин жүрүп жаткандыгы аныкталган.
Мында мейманкананын атына жамынып алып, акыркы беш жылдан бери интимдик кызматтар көрсөтүлүп келген. Мыйзамда уруксат берилген кызмат көрсөтүү тармагын жамынып алганына байланыштуу аталган даректеги кылмыштуу ишмердүүлүк укук коргоо органдарынын көңүл чордонунан алыс болгон.
Текшерүүнүн жүрүшүндө өтө начар шарттагы антисанитардык абал, негизги санитардык нормалардын жана гигиеналык тазалыктын сакталбагандыгы аныкталган. Мындан тышкары, кээ бир коноктордун жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн психотроптук заттарды колдонгондугу боюнча маалыматтар алынган. Учурда бул фактылар тыкыр текшерилүүдө.
Иш-чаранын жыйынтыгында интимдик кызмат көрсөткөн 1998-жылы туулган А.к.А., 2005-жылы туулган А.к.Г., 2003-жылы туулган Ч.В.И., 1999-жылы туулган Г.А.Д. 1997-жылы туулган А.З.О. кармалып, административдик жазага тартуу үчүн Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге өткөрүлүп берилди.
Мындан тышкары, мекеменин администраторлору 1981-жылы туулган Я.А.И. жана 1978-жылы туулган К.Э.Р. аныкталып, аларга карата тергөө амалдары жүрүп жатат.
16-августта аталган мыйзамсыз ишмердүүлүктүн уюштуруучусу, интимдик кызмат көрсөтүү үчүн системалуу түрдө шарттарды түзүп, бул иш-аракетинен киреше алып келген 1978-жылы туулган Кыргызстандын жараны Жумабеков Канатбек Эмишович кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Ошондой эле “Восток” конок үйүнүн ээси 1976-жылы туулган О.З.К. аттуу жарандын жоопкерчилиги каралууда.