
14–15-августта Ысык-Көл жээгинде өткөн VII Кыргыз-Россиялык экономикалык форумга Кыргызстан, Россия жана ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 1000ден ашык катышуучу чогулду.
«Альянс Алтын» форумдун көргөзмө экспозициясынын бир бөлүгү болуп, Талас облусундагы эң ири өнөр жай объекти — Жерүй кениндеги негизги иш багыттарын тааныштырды. Компаниянын стендинде заманбап технологиялар, экологиялык стандарттар, коопсуздук системасы жана социалдык долбоорлор сунушталды.
Өзгөчө кызыгуу жараткан долбоор — «Альянс Алтындын» туунду компаниясы «Альянс Гидро» ишке ашырып жаткан чакан Жерүй ГЭСи болду. Бул деривациялык станциянын кубаттуулугу 28 МВтка чейин жетип, жылына болжол менен 100 млн кВт·с электр энергиясын өндүрмөкчү. Долбоордун баасы — 39 млн доллар, анын ичинен 25 млн долларын Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду каржылоодо.
Ошондой эле форумдун алкагында «Альянс Алтын» менен Кыргыз-Россия Славян университети кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюшту. Ал инженердик жана техникалык кадрларды даярдоону, билим берүү демилгелерин жана илимий-практикалык долбоорлорду колдоону камтыйт.
Форумга катышуу компаниянын ачык диалогго даяр экенин, стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана энергетикада, өнөр жайда, адамдык капиталда туруктуу чечимдерди киргизүүгө багытталганын тастыктады.