
Өлкө башчы Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек берип, Ататүрк паркындагы үйлөр боюнча комментарий берди.
— Мыйзамсыз курулуш тууралуу сөз болгондо Бишкектеги Ататүрк багындагы үйлөрдү эстегендер, Көк-Жар конушу менен салыштыргандар болууда. Мэр Айбек Жунушалиев паркта үй салгандардан 500 миллон сом чогултуларын, калаа бийлиги алар менен бир пикирге келишкенин айтты. Бул кош стандарттуулук болуп калбайбы?
«Эч кандай кош стандарттуулук эмес. Ататүрк паркына да 2005-жылы үй куруп алышкан. Биз алардын баарын жазында Ынтымак-Ордого чогултуп, паркты карапайым калк үчүн эң жогорку деңгээлде оңдоп бергиле же үйлөрүңөр «снос» болот деген маселени койгондо алар паркты оңдоп бергиле деген талапты тандашкан. Паркты эң жогорку деңгээлдеги бак кылып жасаш үчүн 500 миллион сомдун тегерегинде акча жумшалат экен. Алар бүгүнкү күндө 100 миллион сомдун тегерегинде акча чогултуп бүтүп калышты. Кудай буюрса, ал жер эң жогорку деңгээлдеги парк болуп жасалат. Ал паркты ошол тегеректе жашаган карапайым элибиз эле бала-чакасы менен колдонушат», — деди ал.