Бишкекте 6 автобус каттамынын жүрүү схемасы өзгөрдү

11-августтан 31-августка чейин Бишкек шаарынын Фучик көчөсүндө жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу Чүй проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн батыш тарабы унаа кыймылы үчүн жабык болот.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга байланыштуу №48, №41, №135, №133, №161 жана №132 каттамдардын кыймыл схемасы убактылуу өзгөртүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясы жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылып, жол тыгынын алдын алуу үчүн жеке унаалардын ордуна коомдук транспортту колдонууга чакырат.