Адылбек Касымалиев суучул Денис Петрашовду кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатында коло медал уткан Денис Петрашовду, ошондой эле анын атасы жана машыктыруучусу Евгений Петрашовду кабыл алды.

Жолугушууда минкаб башчысы Адылбек Касымалиев, Денис Петрашовду Сингапурдагы дүйнө чемпионатында коло медаль жеңип алуусу менен куттуктап, сууда сүзүү боюнча байге ээлеринин арасында жаңы өлкө – Кыргыз Республикасы пайда болгонун сыймыктануу менен белгилеп, бул тарыхый жеңиш экенин кошумчалады.

“Кыргызстандын 100 метрге брасс стилинде сууда сүзүү боюнча жаңы рекордуңуз менен куттуктайм! Мурунку рекорд дагы сизге таандык болчу, Денис Евгеньевич. Бул жыйынтык – 58,88 секунд, бул сиз көп жылдык тынымсыз эмгектин, туруктуулуктун жана чечкиндүү эрктин аркасында жеткен чоку. Бул жеңиш ата менен баланын биргелешкен аракети менен жасалды – алар 6 Олимпиадага катышкан. Евгений Георгиевич, сиз 1996, 2000 жана 2004-жылдардагы Олимпиадаларга катышкансыз, ал эми уулуңуз 2016, 2020 жана 2024-жылдардагы Олимпиадаларга катышты”, – деди Адылбек Касымалиев.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы мамлекет мындан ары да спортчуларды колдоп, даярдык көрүүгө жана жогорку натыйжаларга жетүүгө шарт түзөөрүнө токтолду. Ал, сууда сүзүүчү бассейни бар мектептер долбоорлонуп, Ысык-Көл элиталык туризмдин борборуна айланаарын, бул суу спортунун өнүгүшүнө түрткү берээрин белгиледи.

Жыйынтыгында минкаб башчысы Адылбек Касымалиев спортсменге жана машыктыруучусуна акчалай сертификаттарды тапшырды.