
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Ош шаарындагы иш сапарынын алкагында өзү билим алган Терешкова атындагы мектеп-интернатына барды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев да катышып, аталган билим берүү мекемесинин эски имаратынын ордуна жаңыдан курулган заманбап окуу корпусу жана жатаканасы менен тааныштырды. Мектептин курулуш иштери толугу менен аяктап, ал жаңы окуу жылына толук даяр.
Жаңы имарат окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, билим берүү процессинин сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт. Ал эми Камчыбек Ташиев өз кезегинде мугалимдерге жана окуучуларга ийгилик каалап, мектепке керектүү жабдуулар жана окуу куралдары боюнча кошумча колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи.