
Кара-Суу районунда мамлекеттин карамагындагы жер тилкелер жеке менчикке мыйзамсыз берилгени аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Тергөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой, жаран М.С. 2014-жылдан азыркы күнгө чейин Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн жана Жер ресурстар мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу райондук филиалынын кызматкерлери жана жеке тараптар менен биргеликте материалдык кызыкчылыктарды көздөп, кылмыштуу пландарын негиздешкен.
Алынган маалымат боюнча, жогоруда көрсөтүлгөндөр мамлекетке тиешелүү болгон жер тилкелерин жана социалдык мекемелерди мамлекеттин эсебинен мыйзамсыз чыгарып, ири өлчөмдөгү зыян келтиришкен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жаран М.С.га айыбы сырттан угузулуп, камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.
Азыркы учурда кылмыш иши боюнча тиешелүү ыкчам-издөө жана тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгы менен бул кылмыш ишине катыштыгы бар тараптарды аныктап, алардын аракеттерине укуктук баа берилет.
Айыпталуучу М.С. Россиянын аймагынан кармалып, бүгүн Кыргызстанга алып келинди.
Белгилей кетсек, айыпталуучу мурда соттолгон жана башка дагы кылмыш иштерди жасоого шектелүүдө.
Эскерте кетсек, күн мурун ЖМКларда Райымбек Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидинов Россияда кармалганы тууралуу маалымат чыккан.