Жалал-Абаддагы жер титирөө. 14 объект жабыркагандыгы аныкталды

Жалал-Абад облусунда кечээ, 5-августта катталган жер титирөөнүн кесепетинен 14 турак жай жана социалдык мекеме жабыркаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Майлуу-Суу шаарында 1 социалдык объект, Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагында 2 социалдык объект, Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл өкмөтүндө 8 турак жай жана 3 социалдык объектинин дубалдарында жаракалар пайда болгон.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикееевдин тапшырмасы менен жер-жерлерде Жарандык коргонуу кызматтары жана штаб тактоо жумуштарын улантууда.

Мындан сырткары, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адистери менен биргеликте жер көчкү жүрүүсү мүмкүн болгон аймактар көзөмөлгө алынууда.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 5-августунда облус аймагында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган, силкинүүнүн очогу Майлуу-Суу шаарында 4,5 балл, Базар-Коргон районунун айрым айыл өкмөтөрүндө 4,5 балл, Жалал-Абад шаарында 3,5 баллга чейин сезилген.

Кошумча маалымат берилет.