Эсеп палатасынын түштүк бөлүмүнүн инспектору пара менен кармалды

Эсеп палатасынын түштүк бөлүмүнүн башчысы буга чейин кызматкерлеринин “тазалыгын” айткан инспектор пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-июлда Ош шаарында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү бийлик башчылары менен жыйын өткөргөн. Анын жүрүшүндө Ташиев Эсеп палатасынын Ош шаары, Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн башчысы Азим Кожомуратовго кол алдындагылардын коррупциялык иштерге катыштыгы бар экендиги тууралуу сурап, ага инспекторлору кызматтан кетүүгө даяр эместигин тастыктап, жооп кайтарган.

700 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу жана алуу фактысы боюнча УКМК тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Эсеп палатасынын мамлекеттик инспектору Б.М.Ы. жана анын ортомчусу Т.М.Ж. аттуу жаран кармалды.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин «Пара талап кылуу» кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.рдүн биринде майда каржылык мыйзам бузууларды аныктап, мыйзам бузууларды жашыруу үчүн башкы эсепчиден 700 миң сом талап кылгандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча “Пара талап кылуу” беренесиндеги кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Мындан улам кол алдындагы кызматкери пара алып кармалгандан кийин А.Кожомуратов өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазган.