Бишкекте 5 автобустун жүрүү схемалары убактылуу өзгөрдү

Бишкекте бүгүн, 5-августтан тарта 5 автобус каттамынын кыймыл схемалары убактылуу өзгөртүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей,  №101, №61, №100, №10, №11 автобус каттамдарынын жүрүү багыттары өзгөрөт.

Өзгөртүүлөр Ахунбаев көчөсүнүн Б.Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан оңдоо жана реабилитация иштерине байланыштуу киргизилүүдө.

Эскерте кетсек, 2025-жылы Ахунбаев көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолот. Ал эми 2024-жылы Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейинки бөлүгү оңдолгон.

Бишкек шаарынын мэриясы жарандардан жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну, маршруттарды алдын ала пландоону жана мүмкүн болушунча жеке автоунаалардын ордуна коомдук транспортту колдонууну өтүнөт.