Айдоочуга кол көтөргөн жүргүнчүлөрдүн видеосу тарады

Окуянын видеосун Бишкек мэриясына караштуу Транспорт департаменти жарыялады. Анда аялдардын бири айдоочуга кол көтөрүп, экинчиси баштык менен чапкылаган. Айдоочунун айтымында, алар аялдама жок жерден токтотуп коюуну суранган.

«Мен «бул жерден болбойт, аялдамадан түшүңүз» десем, «алдыңкы эшикти ач» деп кыйкырып, аягында кол көтөрдү. Ага дагы бири кошулуп, экөөлөп жулмалап, сөгүп, түшүп кетишти», — деген автобус айдоочусу.