
«Альянс Алтын» ЖЧКсынын Борбордук анализ жана аналитикалык лабораториясы сыноо жана калибрлөө лабораторияларынын компетенциясына талаптарды белгилеген ISO/IEC 17025:2019 эл аралык стандартына ылайыктуулугу боюнча аккредитациялык сертификатты расмий түрдө алды. Бул статус компаниянын лабораториясы аналитикалык изилдөө жана өлчөө сапаты жаатындагы эл аралык талаптарга жооп берерин тастыктайт. Аккредитация тоо тектерин, рудаларды жана аларды кайра иштетүү продуктуларын талдоодо колдонулат.
ISO/IEC 17025:2019 стандартына ылайык келүү лаборатория кызматкерлеринин жогорку тактыгын, ишенимдүүлүгүн жана кесипкөйлүгүн көрсөтөт. Колдонулган методдор тоо-кен тармагынын заманбап талаптарына жооп берет жана өндүрүш процессинин бардык этаптарында сапатты көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Аккредитацияны алуу компанияга эл аралык долбоорлорго катышуу үчүн жаңы перспективаларды ачат, ошондой эле анын жер казынасын пайдалануу секторунда жоопкерчиликтүү жана технологиялык жактан алдыңкы оюнчу катары позициясын бекемдейт.
Шилтеме:
ISO/IEC 17025:2019 сыноо жана калибрлөө лабораторияларынын компетенциясына жалпы талаптарды белгилеген эл аралык стандарт. Ал кызматкерлердин санына же алардын ишинин масштабына карабастан лабораториялык текшерүүлөрдү жүргүзгөн бардык уюмдарга тиешелүү. Бул стандартка аккредитациялоо лабораториянын керектүү ресурстарга, компетенттүү персоналга ээ экендигин жана тестирлөө жана калибрлөө жүргүзүү үчүн тиешелүү методдорду колдонууну таануу болуп саналат.