
Ар бириңиздерди тоолорго бат-баттан барууга чакырам. Алардын энергиясын сезип, Кыргызстаныбыз кандай керемет экенин эсиңизге саласыз. Мындай пикирин президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Айгүл Жапарова быйыл бир эмес, эки кыргызстандык айым дүйнөнүн эң бийик чокусу – Эверестти багындырганын, бийиктикке чыгуу – жөн гана жетишкендик эмес, бул күчтү, эркти жана ишенимди талап кылган чыныгы чакырык экенин белгиледи.
Ал бул ирет Көл-Суу, Көл-Төр жана Соң-Көлгө барып келгенин айтты.
“Биз Эверестке чыккан жокпуз, бирок акыркы күндөрү Көл-Суу, Көл-Төр жана Соң-Көлгө барып келдик. Тоолорубуздун арасында болгон сайын мен табияттын күчүн гана эмес, жан дүйнөнүн толуктугун, шыктанууну сезем. Кыргызстандын аймагынын 94%га жакынын тоолор ээлейт жана алар биздин иденттүүлүгүбүздүн ажырагыс бөлүгү. Кыргыз аялы катары мен бул байланышты өзгөчө сезем.
Тоолор – бул жөн гана жаратылыш эмес, бул биздин күчүбүз. Ар бириңиздерди тоолорго бат-баттан барууга чакырам: алардын энергиясын сезип, асманды чагылдырган көлдөрдү көрүп, Кыргызстаныбыз кандай керемет экенин эсиңизге саласыз”, – деди Айгүл Жапарова.
Ошондой эле ал тоодо жашаган жана иштеген кыргыз аялдары шыктандырарын кошумчалады.
“Катаал климатка, бийиктикке, алыстыкка карабастан, алар күн сайын өз жерине укмуштуудай берилгендик, туруктуулук жана сүйүү менен эмгектенишет. Көл-Суу көлүнүн жээгинде өзүнүн боз үйүндө конокторду жан дили менен жана укмуштуудай жылуу маанайда тосуп алган Асел айым менен да кокусунан таанышканыма кубанычтамын”, – деп белгиледи Жапарова.