
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев эс алуу багында 20 жылга жакын убакыт жашаган энени үйлүү кылды. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
67 жаштагы Ош шаарынын тургуну Гүлбара Абдраев дээрлик 20 жылга жакын убакыт шаардагы эс алуу багынын тазалыгын карап, даараткана иштетип, майда нерселерди алып-сатып жашап келген. Бул аралыкта көп кыйынчылык көргөн эне бир уул, бир кызын жогорку билимдүү кылып, уулун үйлөнтүп, кызын турмушка узаткан. Үйү жок болгондуктан парктагы убактылуу баш калкалоочу жайда күн кечирүүгө мажбур болгон.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев эс алуу багында жашаган Гүлбара эне тууралуу кабардар болуп, шартын билип, жардам колун сунуп, үй алып берүүнү ниет кылган.
Кечээ, 28-июлда калаа башчысы өз ниетин ишке ашырып, 67 жаштагы энеге эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Үйүнө барып даам ооз тийип, уул-кыздары, неберелери менен баарлашып, жакшы ниеттерди, бата-тилектерди арнап, куттуктап кайтты.