
Бүгүн, 29 июлда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев телефон аркылуу суучул Денис Петрашовду Сингапурдагы суу спорту боюнча дүйнө чемпиондугунда коло медаль жеңип алышы менен куттуктады.
Адылбек Касымалиев Денис Петрашовдун 100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө Кыргызстандын жаңы рекордун (58,88 секунд) жараткан жеңиши ата мекендик спорт үчүн тарыхый окуя экенин белгиледи.
Төрага спортчунун таланттын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн машыктыруучуларына жана устаттарына ыраазычылык билдирди. Адылбек Касымалиев Денис Петрашов эрдиктин жана спортко берилгендиктин символу экенин, анын ийгилиги бүткүл Кыргызстан эли үчүн зор сыймык жана шыктандыруу экенин баса белгиледи. Сөзүнүн аягында Денис Петрашовго чың ден соолук жана Ата Мекен үчүн жаңы спорттук ийгиликтерди каалады.
Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Сингапурда өткөн чемпиондукта коло медалдын ээси болгон. Спортчу 100 метрлик брасс стилинде жарышта марага 58,88 секундда келген. Финалга чыккан 9 адамдын арасынан Петрашов биринчи кыргызстандык суучул болду.