Таласта “Мурастуу Жол – Ата-Бабалардын Издүү Жолу” аталышындагы алгачкы тоожүрүш иш чарасы өттү

2025-жылдын 25–27-июль күндөрү Талас облусунда биринчи жолу “Мурастуу Жол –Ата-Бабалардын Издүү Жолу” деп аталган жөө туристтик жүрүш ийгиликтүү өттү.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктууөкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп, ага 100гө жакын тоо сүйүүчү катышты.

Үч күнгө созулган жөө саякат Талас кырка тоосунун түндүк капталындагы кол тийбеген, кооз маршруттар менен өтүп, катышуучуларга тарыхый жана жаратылыштыкбаалуулуктарды сезүүгө мүмкүнчүлүк жаратты. Жүрүшкө Франция, Бельгия,

Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандагы туристтик компаниялардын өкүлдөрү, КР Жогорку Кеңештин депутаттары, блогерлер, журналисттер жана Талас облусунун

жетекчилиги да активдүү катышышты.

Иш-чаранын негизги максаты – Талас облусунун туристтик мүмкүнчүлүгүнтаанытуу, жаңы жөө маршруттарды иштеп чыгып, эл аралык жана ички туристтерди

тартуу болуп саналат.

Облус башчысы Эрмат Джумаев: “Бул демилгени көтөргөн тарыхчы жана тоосүйүүчү Гамал Сооронкуловго, “Дестинация Талас” уюмуна жана кардылык колдоо короозгон Альянс Алтын өнуктуруу фондуна ыраазычылык билдиребиз.Таластын табияты өзгөчө – кооз капчыгайлар, бийик тоолор, тунук көлдөр жана

жаратылыштын жан дүйнөнү жандандырган керемети бар. Бул маршруттар изилденип,туристтик компанияларга сунушталса, Таластын туристтик агымы кескин жогорулайт,” — деп билдирди.

Жөө жүрүш Батыш Теңир-Тоонун капчыгайларын, ашууларын, тоо дарыяларын,ошондой эле жапайы жаныбарлардын жана сейрек кездешкен өсүмдүктөрдүн табигый дүйнөсүн камтыды. Бул саякат катышуучуларга жаңы тажрыйба, руханий жаңылануужана жаратылыш менен эриш-аркак болуунун өзгөчө мүмкүнчүлүгүн тартуулады.

Маалымат үчүн: Бул жөө жүрүш жыл сайын өткөрүлүүчү туристтик салтка айланары күтүлүүдө. Таластын бай тарыхы жана жаратылышы өлкөнүн ички жана эларалык туризмин өнүктүрүүдө чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратары шексиз.