
Талас облусунда 2025-жылдын 25–27-июль күндөрү биринчи жолу “Мурастуу Жол – Ата-Бабалардын Издүү Жолу” деп аталган жөө туристтик жүрүш ийгиликтүү өттү.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, “Дестинация Талас” уюмунун демилгеси жана “Альянс Алтын” компаниясынын колдоосу тарабынан уюштурулуп, ага 100гө жакын тоо сүйүүчүлөрү катышышты.
Үч күнгө созулган жөө саякат Талас кырка тоосунун түндүк капталындагы кол тийбеген, кооз маршруттар менен өтүп, катышуучуларга тарыхый жана жаратылыштык баалуулуктарды сезүүгө мүмкүнчүлүк жаратты. Жүрүшкө Франция, Бельгия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандагы туристтик компаниялардын өкүлдөрү, КР Жогорку Кеңештин депутаттары, блогерлер, журналисттер жана Талас облусунун админстрациясы да активдүү катышышты.
Иш-чаранын негизги максаты – Талас облусунун туристтик мүмкүнчүлүгүн таанытуу, жаңы жөө маршруттарды иштеп чыгып, эл аралык жана ички туристтерди тартуу болуп саналат.
Бул демилгени көтөргөн тарыхчы жана тоо сүйүүчү Гамал Сооронкуловго, “Дестинация Талас” уюмуна ыраазычылык билдиребиз. Таластын табияты өзгөчө – кооз капчыгайлар, бийик тоолор, тунук көлдөр жана жаратылыштын жан дүйнөнү жандандырган керемети бар. Бул маршруттар изилденип, туристтик компанияларга сунушталды.
Жөө жүрүш Талас облусунун Беш-Таш, Кара-Коюн капчыгайларындагы ашууларда, тоо дарыяларында, ошондой эле жапайы жаныбарлардын жана сейрек кездешкен өсүмдүктөрдүн табигый дүйнөсүн камтыды.
Бул саякат катышуучуларга жаңы тажрыйба, руханий жаңылануу жана жаратылыш менен эриш-аркак болуунун өзгөчө мүмкүнчүлүгүн тартуулады.
Өзүмдүн жана Талас облустук ыйгарымдуу өкүлчүлүгүнүн атынан Альянс Алтын, Дестинация Талас, Gamal Soronkulov, Bolsun Kazakovго, Рысгүл Акимжановага, Бермет Турсалиевага, Аза Насыкуловдор кошкон салымдары үчүн терең ыраазычылык билдирем! Бар болуңуздар!