Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

Эртең, 29-июлда саат 10:00дөн 20:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Өчүрүү району:
•10-кичи району;
•Масалиев –Айтматов проспектиси – Абдрахманов- Садырбаев көчөсү;
•Масалиев – Айтматов проспектиси – Токтоналиев – Гшлиессер көчөлөру менен чектешет.

Диаметри 500 мм болгон ЭЧЖК резервуарларды оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу өчүрүлөт.