
Президент Садыр Жапаров Амур облусундагы авиакырсыкка байланыштуу Россиянын лидери Владимир Путинге көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
“Амур облусундагы кайгылуу авиациялык кырсыктын кесепетинен көп сандаган адамдардын курман болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Менин чын жүрөктөн чыккан көңүл айтуумду кабыл алыңыз. Каза болгондордун жакындарына жана туугандарына алар үчүн бул орду толгус жоготууга көңүл айтуу жана колдоо сөздөрүмдү жеткирүүңүздү өтүнөм”, — деп айтылат телеграммада.
24-июль күнү Благовещенск шаарынан Тында шаарына багыт алган “Ангара” авиакомпаниясынын Ан-24 жүргүнчү ташуучу учагы кырсыктаган. Аба кемесинин сыныктары Тындадан 15 чакырым алыстыктагы токойлуу аймактан табылган. Расмий маалымат боюнча, 48 адам каза болгон. Амур облусунда үч күндүк аза күтүү жарыяланды.