1-класстар үчүн сабактардын убактысы кыскарды

1-класстар үчүн сабактардын убактысы кыскарды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

«1-класста сабактын узактыгы 35 мүнөттү түзүп, сабактардын ортосунда 10-15 мүнөттүк көнүгүү-музыкалык тыныгуулар болуп турат. 2-класста сабактын узактыгы 40 мүнөттү, 3-класстан 11-класска чейин 45 мүнөттү түзөт»,— деп айтылат маалыматта.