
Таласта уюшкан кылмыштуулуктун идеологиясын жайылткан кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
22-июлда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде УКМК тарабынан Талас районунун Манас айылынын 2001-жылы туулган тургуну кармалган. Алынган маалыматтарга караганда, Instagram социалдык тармагында аталган жарандын катышуусунда «Таластын смотрящий баласы» деген видео жарыланган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү эмес жана буга чейин да болгон эместиги аныкталган. Анын билдирүүлөрү юмордук мүнөздө болгон. Мындан улам, ага жана анын жакын туугандарына карата мындай билдирүүлөргө жана кылмыш дүйнөсүнүн идеологиясын пропагандалоого жол берилбестиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.