«Альянс Алтын» компаниясы 1000-кызматкерин тосуп алды

2025-жылдын 23-июлунда «Альянс Алтын» компаниясында маанилүү окуя болду: компаниянын расмий штаттык курамына 1000-кызматкер кабыл алынды. Ал Сасык-Булак айылынын (Шумкар-Уя айыл аймагы) тургуну Сыргак уулу Бекболсун болду. Сыргак уулу Бекболсун 18-июлда ишкананын Автотранспорт башкармалыгынын Автоунааларды оңдоо кызматына нөөмөтчү автослесарь болуп жумушка орношкон.

Бул символикалык сан кызматкерлердин катары көбөйүп жатканын гана эмес, компаниянын туруктуу өнүгүүсүн, жергиликтүү эл менен узак мөөнөттүү өнөктөштүктү жана жумуш орундарынын түзүүгө салым кошуп жатканын көрсөтүп турат.

Сыргак уулу Бекболсунга эстелик сертификатты компаниянын башкы директорунун өндүрүш иштери боюнча орун басары Константин Чуприн куттуктап, алдыдагы ишине ийгилик каалоо менен бирге ага эстелик сертификат, фирмалык каражаттар жана корпоративдик символикасы бар белектерди тапшырды.

“Мен кенге жакын жайгашкан аймактан болом. Жерүй кенинде иштөө максаты акыркы эки жылдан бери бар болчу. Бир канча этаптан турган экзаменден, конкурстан өттүм. Компаниянын 1000-кызматкери болуу албетте сыймыктуу жана жектекчиликтин бүгүнкүдөй жылуу тосуп алышы жагымдуу көрүнүш экен. Иштөө шарттары абдан жакшы экен. Буйруса билбегенибизди үйрөнүп, билгенибизди үйрөтүп иш алып бараарыбызга ишеним чоң”, – дейт Бекболсун.

«Альянс Алтын» ЖЧКсы кадрдык потенциалды туруктуу түрдө күчөтүп, Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана калктын туруктуу жумуш менен камсыз болуусуна чоң салым кошуп келет.

Бүгункү күндө «Альянс Алтын» компаниясында 1000 кызматкер эмгектенет. Ал эми кендин аймагында иш алып барган подряддык уюмдардагы кызматкерелерди кошкондо жалпы Жерүй кенинде 2000ге жакын адам иш менен камсыз болгон. Алардын дээрлик 98% КРнын жарандары.