Талас облусунда Милициянын аллеясы ачылды

2025-жылдын 22-июлунда Талас облусунун борборунда милиция кызматкерлерине арналган өзгөчө мааниге ээ — “Милициянын аллеясынын” салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР Президентинин Талас облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлдүн маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун демилгеси менен ишке ашып, Талас облустук ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдындагы бош турган жер заманбап коомдук эс алуу жайына айланды.

Ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, Талас ОИИБдин башчысы Азенбек Козукеев, облустук укук коргоо органдарынын жетекчилери жана жергиликтүү 2000ге жакын тургун катышты.

Аллея – бул коомдук тартипти сактап, эл коопсуздугун камсыз кылып келе жаткан милиция кызматкерлеринин талыкпаган эмгегине жана мекенге болгон берилгендигине арналып жасалган эстелик мүнөзүндөгү долбоор. Аталган жай жаштарга тарбия берүүдө, коомго үлгү болууда жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт.

Аллеянын курулушу Талас ОИИБдин башчысы Азенбек Козукеевдин жетекчилиги, демөөрчүлөрдүн көмөгү жана ички иштер органдарынын өздүк курамынын катышуусу менен 2 айдан ашуун убакыт ичинде жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө аллеянын аймагына:

* фонтан жана милициянын логотиби,

* шахмат столдору, заманбап отургучтар, жашыл зона,

* коопсуз көпүрө жана түнкү жарыктандыруу системасы орнотулган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев аллеянын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө бул демилгенин коомдук турмушка кошкон салымын баса белгилеп, эл атынан төмөнкүлөргө ыраазычылык билдирди:

“Аталган аллея – тартип сакчыларынын эрдигин урматтоонун, эл-жерге кызмат кылуунун баалуулугун даңазалаган символ. Бул демилгени көтөрүп чыккан ички иштер министри Улан Ниязбеков мырзага жана курулуш иштерин жетектеген Талас ОИИБдин башчысы Азенбек Козукеевге жеке өзүмдүн жана Талас шаарынын тургундарынын атынан терең ыраазычылык билдирем. Мекенибиз тынч, элибиз аман болсун”, деген облус башчысы Эрмат Джумаев.

Аллеянын ачылыш аземи концерттик программа жана балдар үчүн уюштурулган таттуу белектер менен коштолду.