«Мейкин Азия» фестивалынын баш байгесин румыниялык аткаруучу жеңип алды

«Мейкин Азия» фестивалынын баш байгесин румыниялык аткаруучу Мария-Диана Стынчуляша жеңип алды. Ага 8000 доллар байге берилет. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти. 

Биринчи орунду мекендешибиз Урмат Сатыбалдиев жеңип алды. Белгилүү болгондой, ал 6 миң долларлык сыйлыкка ээ болду. Жеңүүчү калыстар тобунун жогорку баасына татыган аткаруусу менен көпчүлүктүн купулуна толду.

Экинчи орунду төмөнкү катышуучулар бөлүштү:
– Виталий Дроб (Беларусь Республикасы),
– Камир (Кыргызстан),
– Кира Гоголадзе (Россия).

Үчүнчү орунга татыктуу деп табылган катышуучулар:
– Полина Тасева (Түндүк Македония),
– Едже Аса (Түркия),
– Тулкан Таджиев (Өзбекстан).