Адылбек Касымалиев иш сапары менен Алтай Республикасына барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2025-жылдын 24-26-июль күндөрү Россия Федерациясынын Алтай Республикасына иш сапары менен барат. 

Иш сапарынын алкагында Алтай Республикасынын Тоолу-Алтай шаарында боло турган Эл аралык экологиялык конференцияга катышып, пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. 

Пленардык жыйында ошондой эле, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Өзбекстан, Тажикстан өкмөт башчылары жана Түркмөнстандын өкмөт башчысынын орун басары баштаган делегация башчылары экологиялык чакырыктар: туруктуу өнүгүүгө карай жана климаттын өзгөрүшү аттуу темалардын айланасында сөз сүйлөрү пландалууда. 

Ошондой эле эл аралык экологиялык конференциянын жүрүшүндө эксперттик жана тематикалык сессиялар уюштурулат. Анда конференцияга катышкан өлкөлөрдүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын жетекчилери тарабынан глобалдык суу балансын сактоо, экологиялык туризм мамлекеттин визиттик картасы сыяктуу темалардын айланасында баяндамалар жасалып, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрү каралат.