Ысык-Көлдөгү жогорку окуу жайлардан 941 студент чыгарылды

УКМК коррупцияны жана башка мыйзамсыз көрүнүштөрдү жоюу боюнча билим берүү тармагында жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын алкагында Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан ЖОЖдордон 1000ге жакын студентти окуудан чыгарды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Студенттердин сабакка катышуусун жана билим сапатын комиссиялык текшерүүдө жогорку окуу жайлардын жана атайын окуу жайлардын талаптарына баш ийбеген студенттер аныкталды.

Тактап айтканда, 2024-2025-окуу мезгилиндеги 941 студент окуудан чыгарылды:

1. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинен — 779 студент;

2. Ж.Баласагын атындагы КУУнун гуманитардык-табигый илимдер факультетинен – 114 студент;

3. И.Ахунбаев атындагы Каракол медициналык колледжинен — 48 студент окуудан чыгарылды;

УКМК жер-жерлерде билим берүү системасындагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү жана анын сапатын жакшыртуу боюнча иш-чаралар планынын алкагында иштерди улантууда.