Якутияда жол кырсыгынан 3 кыргызстандык каза болду

Якутияда жол кырсыгынан 3 кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-июлдан 21-июлга караган түнү Россиянын Саха Республикасынын (Якутия) Нерюнгрин районунда жол кырсыгы болуп, “Чыгыш Денисовская” шахтасынын кызматкерлерин ташыган автобус жардан кулап түшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 13 адам каза болгон, анын ичинде Кыргызстандын 3 жараны бар: 1981-жылы туулган М.У.М., 1991-жылы туулган К.у.К. жана 2000-жылы туулган Э.А.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Якутск шаарындагы кеңсеси каза болгондордун жакындарына жардам көрсөтүп, анын ичинде сөөктөрдү мекенине жеткирүүнү уюштуруу боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

Белгиленгендей, бул маселе министрликтин жана элчиликтин көзөмөлүндө турат.