
Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районунун Боз-Чычкан айылынын тургуну Абдували Анапияевге үй куруп берди.
Атайын кызматтан билдиришкендей, Боз-Чычкан айылынын тургуну Абдували Анапияев 1 уул, 1 кыздын атасы жана көп жылдардан бери өз турак үйү жок, батирден батирге көчүп жашап келген. Муктаждыктан улам ал Камчыбек Ташиевге кайрылган.
Камчыбек Ташиев өз каражатына 33 күндүн ичинде заманбап шарттарга жооп берген, жаңы үй куруп берди.
Үй тапшыруу учурунда Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Боз-Чычкан айылында бала бакчанын жоктугу көптөн бери көйгөй жаратып келгенин жергиликтүү жашоочулар Камчыбек Ташиевге билдиришти.
Ташиев бул жана башка айтылган маселелерди тез арада чечүүнү өз колуна алаарын айтып, тийиштүү тараптарга жеринен тапшырма койду. Балдар бакчасынын курулушун тез арада баштоону милденттендирди.