24-июлда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Муниципалитеттен билдиришкендей,  24-июлда  саат 10:00дөн 24:00гө чейин Ч. Айтматов проспектиси – Ахунбаев көчөсү –Табалдиев көчөсү – Ала-Арча суусу менен чектелген аймакта суу берүү токтотулат.

Бишкек мэриясы жаралган  ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.