Өзгөндө башкы дарыгер 300 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды

Башкы дарыгер 300 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

16-июлда Өзгөн райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери 300 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалды.

Бул факты боюнча УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин Автоматташтырылган маалыматтык системасына катталган. Учурда керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, УКМК кызматкерлери тарабынан санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө тутумундагы коррупциялык схемаларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Өзгөн-Кара-Кулжа райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери мыйзам бузууларды жашыруу жана кылмыш ишин козгоодон баш тартуу үчүн УКМКнын кызматкерине 100 миң сом пара сунуштаган. Баш тартуудан кийин ал акчаны 300 миң сомго чейин көбөйтүп, пара берүү аракетин уланта берген.