Ысык-Көл жээгинде «Мейкин Азия» фестивалынын ачылышы болду

Кечээ, 20-июлда “Мейкин Азия” IV эл аралык Ысык-Көл фестивалынын ачылыш аземи башталды. Салтанаттуу кечени ачууга Мамлекет катчы Марат Иманкулов жана Маданият министрлигинен Тимурлан Ажымалиев катышты.

Маалыматка караганда, 25 өлкөдөн келген аткаруучулардын ар бири сахнага чыгып таланттарын тартуулайт.

Фестивалдын биринчи күнү кыргызстандык Jax 02.14, Freeman 996, Баястан, Тамга, Жийдеш Идирисова, ERA, “Номад” триосунун курамында Бек Исраилов, Азат Раимбердиев, Минжашар Мурзаевдин аткаруулары менен жыйынтыкталды.