Вьетнамда кайык оодарылып 30дан ашык адам каза болду

 Вьетнамдагы Халонг булуңунан оодарылган кайыктан 34 адам каза болуп, 8 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу Евроньюс маалымдады.

Маалыматка ылайык, туристтерди ташыган кайык күтүлбөгөн штормдон улам оодарылып кеткен. Анын ичинде 48 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон.

Куткаруучулар 11 адамды аман алып чыгышканы айтылат. Алардын арасында 14 жаштагы бала да бар. Каза болгондордун көбү Ханойдон келген туристтер, алардын ичинде 20га жакын өспүрүм болгон.

Кырсык болуп жаткан маалда “Випха” деген тропикалык шторм Вьетнамдын түндүгүнө жакындап келе жаткан.