Садыр Жапаров менен Монголиянын президентинин расмий жолугушуу аземи болуп өттү

Бүгүн, 21-июлда Бишкек шаарында Садыр Жапаровдун жана өлкөгө мамлекеттик сапары менен келген Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Жогорку даражалуу меймандын кортежи атчан эскорттун коштоосунда “Ынтымак Ордо” имаратына келди.

“Ынтымак Ордо” имаратынын флагштокторуна Кыргызстан менен Монголиянын мамлекеттик туулары илинип, Ардактуу кароол тизилип, этно-жоокерлер катышып, килемдер төшөлгөн. Мамлекет башчылары саламдашып, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардактуу кароол ротасынын командиринин рапортунан кийин мамлекет башчылары катарды кыдырып чыгышты.

Салтанаттын жүрүшүндө лидерлер тууга таазим кылышты. Монголиянын президенти ротага кайрылып: «Салам аскер!» деген саламдашуу сөзүн айтты.

Саламдашуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземинен кийин мамлекет башчылар сүйлөшүүлөр үчүн залга жөнөштү.