Монголиянын президенти “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине барды

Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келген Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине барды.

Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин коштоосунда 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын курмандыктарына арналган мемориалга гүлчамбар койду.