Президенттин иш башкаруучусунун атын жамынган шектүү кармалды

Президенттин иш башкаруучусунун атын жамынган, өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

15-июлда УКМК президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевдин атын пайдаланып, өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча 1993-жылы туулган жаранды кармады.

Тактап айтканда, жаран Туманбаев менен жакын мамиледе экендигин айтып, «Көчмөн сити» турак-жай комплексинин 18 кварталынын курулушуна подряддык жумуштарга уруксат берүүнү убада кылып, жабырлануучудан 100 миң АКШ долларын алганы аныкталган.

Мындан улам, шектүүнүн кеңсесин текшерүү учурунда 60 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү жасалма акчалар, ошондой эле Туманбаевге жазылган жасалма жазуу түрүндөгү кайрылуулар табылган.