Ош милициясы жүзүн жашырган 10 аялга 20 миң сомдон айып пул салынганын билдирди

Ош облустук ички иштер башкармалыгы Ноокат жана Кара-Суу райондорунда коомдук жайларда бетин толук жаап жүргөн 10 аялга 20 миң соммдон айып пул салынганын билдирди.

Буга чейин милиция кызматкерлери мамлекеттик мекемелерде, коомдук жайларда жүзүн толук жашырып жүргөндөргө мыйзага ылайык айып пул салынары тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилгенин билдирди.

Облустук ички иштер башкармалыгы мындай текшерүүлөр уланып жатканын эскертти. Мындай рейддер. түшүндүрүү иштери буга чейин Жалал-абад облусунда дагы жүргүзүлгөн.

Президент Садыр Жапаров быйыл жыл башында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Бул документке ылайык, үймө-үй кыдырып даабат айткандарга, коомдук жайларда жүзүн жашырган кийим кийгендерге 20 миң сом айып пул салуу каралган.

Президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиги Кыргызстанда бетин толук жаап жүргөн, ушундан улам анын ким экени аныкталбаган адамдар мамлекеттик жана муниципалдык имараттарга, мекемелерге киргизилбесин, бул талапты бузган учурда айып пул салынарын кабарлаган.