
Бүгүн, 2025-жылдын 17-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев Талас облусуна иш сапары менен келген КР Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев менен жолугушту.
Министр Эркин Чечейбаев жолугушуунун жүрүшүндө облус башчысы Эрмат Джумаевдин Талас облусуна медициналык кызматкерлерди тартуу боюнча көтөргөн демилгесин кубаттап ыраазычылыгын билдирип, фелшердик акушердик пунктулардын жана үй-бүлөлүк дарыгер топтору жайгашкан имаратты толук кандуу оңдоп түзөөдөн өткөрүү боюнча иш аракеттерин ар тараптуу колдоорун билдирди.
Мындан тышкары, облус башчысы министрге Талас облусундагы саламаттыкты сактоо тармагындагы учурдагы абал тууралуу маалымат берип, аймактагы медицина кызматкерлерине ар тараптуу колдоо көрсөтүү зарылдыгын баса белгиледи.
“Урматтуу министр мырза, биз ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк тарабынан аймактагы медицина кызматкерлерине колубуздан келген жардамыбызды көрсөтүп келе жатабыз. Бирок ага карабастан, бир катар системалуу көйгөйлөр дагы эле курч бойдон калууда. Азыркы учурда облус боюнча 170 дарыгердин жетишпестиги өзгөчө курч маселе болуп турат. Ошондой эле аймактагы дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу жана ак халатчандардын таңкыстыгын жоюуу боюнча колдоо көрсөтүүңүздөрдү суранабыз”, — деди Эрмат Джумаев.
Өз кезегинде министр көтөрүлгөн маселелер министрлик тарабынан көңүл борборунда болорун белгилеп, тиешелүү чаралар көрүлөрүн маалымдады. Жолугушуунун соңунда тараптар саламаттыкты сактоо системасын жакшыртуу боюнча мындан аркы тыгыз кызматташтыкты улантуу макулдашылды.