Бишкекте дарыгер сабалган видео тарады

Социалдык тармактарда «дарыгерди укук коргоо органдарынын кызматкери сабады» деген видео тарады. Коомчулук дарыгерлерге кол көтөргөндөр жазасыз калбашы керегин жазып жатышат.

Бишкек ШИИБ маалымат таратып, видеодогу жарандар милиция кызматкерлери эмес экенин маалымдады.

«Окуя Биринчи Май РИИБге катталып, териштирүү иштери башталды. Милиция кызматкерлери тарабынан окуяга катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча бардык зарыл иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Видеодо көрсөтүлгөн адамдар милиция кызматкерлери эместигин жана окуяга тиешеси жок экенин расмий түрдө тастыктайбыз»,- деп айтылат маалыматта.