Августта күн адаттагыдан ысыгыраак болот

Кыргызстандын көпчүлүк аймагында абанын орточо температурасы нормадан 1-1,5 градуска жогору болуп, жаан-чачын азыраак болот.

Чүй облусу. Түнкүсүн +10 градустан +24 градуска чейин, ал эми күндүз +24төн +38 градуска чейин көтөрүлөт

Талас облусу. Түнкүсүн +6дан +17 градуска чейин, күндүз +21ден +36 градуска чейин ысыйт

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары. Түнкүсүн +12 градустан +25ке чейин, күндүз +24төн +38 градуска чейин жогорулайт

Ысык-Көл облусу. Түнкүсүн +6дан +18ге, күндүз +18ден +32 градуска чейин ысык болот

Нарын облусу. Түнкүсүн +1ден +6га чейин, күндүз +18ден +32 градуска чейин көтөрүлөт.