
Бүгүн, 16-июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүндө сейил бакты куруудагы сапатсыз жумуш жана акчаны максатсыз пайдалануу маселеси боюнча жеринде таанышып чыкты.
Жергиликтүүлөр менен болгон жолугушуунун алкагында айыл өкмөтүнүн башчысы, жумуш аткаруучулар жана техкөзөмөл кызматкерлери камакка алынды.