Эми ОСАГО полиси Tunduk тиркемесинде жеткиликтүү

Эми жарандык авто жоопкерчиликти камсыздандыруу (ОСАГО) полиси Tunduk колдонмосунда санарип документ катары жеткиликтүү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарандар полисти телефондон керектүү учурда оңой көрсөтүүгө болот. Мындан улам аны жоготуп алуу коркунучу да жокко чыгарылды. Ошондой эле кагаз көчүрмөсүн ташып жүрүүнүн кереги жок.

Полистин “Түндүк” тиркемесине киргизилиши жарандарга кызматтардын тез жана ыңгайлуу жеткизүүгө багытталган санариптик жетишкендиктердин бир бөлүгү экени белгиленди.

Жарандар камсыздандыруу полисин телефонунан көрүү үчүн Tunduk тиркемесинен Санарип документтер бөлүгүнө кирип, ОСАГОну текшерүү керек.