
Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев кармалды. Бул тууралуу өздүк булактардан белгилүү болду.
Ырсалиев калаанын транспорт жана жол курулуш боюнча тармагын көзөмөлдөйт. Азырынча расмий маалымат бериле элек.
Буга чейин УКМК төрагасы Сокулукка барып, Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысын камоону тапшырган. Көп өтпөй Пригородное айылынын башчысын карматып, мэрдин кадр тандоодогу чабалдыгын белгилеген эле.