Бишкекте №166, №61 автобустарынын кыймылы өзгөрдү

Гоголь көчөсүндө жол оңдоо жумуштары жүрүп жатканына байланыштуу №166 автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси өзгөрдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Ошондой эле коомдук транспорт тармагынын ишин жакшыртуунун алкагында №61 автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси өзгөрдү.